Атам кылган ишти кылам

Бир аксакал эшегин минип базарга барыптыр, эшегин байлап коюп базарга кирип кетет. Базардан чыкса эшеги жок, анан бакырып:
— ким менин эшегимди алган болсо ордуна байлап койсун, болбосо атам кылган ишти кылып кетем, — деп чай ичкени кирип кетет. Чай ичип чыкса, эшегин байлап кетишет. Анан минип кетип атса, ууру сурайт:
— аксакал атаныз эмне иш кылып кеткен, — десе. Аксакал:
— эмне кылмак эле жоо кеткен, — дептир.

Касап менен адвокат

Касап адвокатка келиптир:
— Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
— Ал иттин ээсин билесизби?
— Ооба.
— Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн… Иттин ээси ким?
— Ал сиздин итиңиз болчу…
— Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
— 3 кг. 450 сом болот…
— Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот… Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура
болот да, ее?

Апам жибербей койду

Абышка менен кемпир уйдо отурушуп, эмне кылышты билбей, жаш кезектеги суйлошуп жургон убакытты эстешип,
«кел, жаш кези жонундо ойнойбуз»-деп чечишти.
Абышка сыртка чыгып:
-«Айшагууль, Айшагууль!!! — деп кемпирди сыртка атынан чакырат.
Кемпирден жооп жок.
Анан кайра:
— »Айшагууль, Айшагууль!!!- деп кемпирди чакырса, кемпир дагы эле ун бербейт.
Ал
кезде эшикте түн, абдан суук. Дагы бир нече жолу кыйкырып чакырса,
кемпир дагы эле ун бербейт. Сууктан үшөп тоңуп, тажап, жини келип үйгө
кирет.
-«Ай кемпир, эмнеге сени эшикке чакырсам жооп берген жоксун»- десе,
ага кемпир
-" Мени апам жибербей койду"- деп жооп берет

Wordpress кыргызча

Wordpress толугу менен кыргызча (кыргыз тилинде) толугу менен иштеп баштады.
Каалоочулар болсо котормочулардын катарына кошулсаңыздар болот төмөнкү шилтемеден:
WWW.KIR.WORDPESS.ORG
WWW.KIR.WP.ORG
WWW.WORDPESS.KG