Атам кылган ишти кылам

Бир аксакал эшегин минип базарга барыптыр, эшегин байлап коюп базарга кирип кетет. Базардан чыкса эшеги жок, анан бакырып:
— ким менин эшегимди алган болсо ордуна байлап койсун, болбосо атам кылган ишти кылып кетем, — деп чай ичкени кирип кетет. Чай ичип чыкса, эшегин байлап кетишет. Анан минип кетип атса, ууру сурайт:
— аксакал атаныз эмне иш кылып кеткен, — десе. Аксакал:
— эмне кылмак эле жоо кеткен, — дептир.