Касап менен адвокат

Касап адвокатка келиптир:
— Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
— Ал иттин ээсин билесизби?
— Ооба.
— Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн… Иттин ээси ким?
— Ал сиздин итиңиз болчу…
— Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
— 3 кг. 450 сом болот…
— Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот… Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура
болот да, ее?